Аткаруу баракчасы
Кыргызско-русский толковый словарь юридических терминов и понятий (2005)АТКАРУУ БАРАКЧАСЫ – сот чечиминин, өкүмдүн, аныктамасы менен токтомунун, сот тарабынан бекитилген тынчтык макулдашуусунун, эларалык жана чет өлкө соттору менен арбитраждарынын чечиминин негизинде берилген аткаруу документинин бир түрү. А. б-на соттун колу коюлуп, соттун гербдүү мөөрү басылат.